БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга барышы Америка — Кытай мамилелерине доо кетирет. Бул туурасында Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь маалымат жыйында билдирген.
Дипломат Вашингтон мындай кадамынын кесепети кандай болорун түшүнүшү керектигине токтолду. Ал Тайвань Кытайдын ажырагыс бөлүгү экенин белгилеп, андыктан аймактык бүтүндүк маселесин "кызыл чек" деп атады.
"Биз эч кимге ал чектен өтүүгө жол бербейбиз. Тайвань меселесинде бардык сепаратисттик кыймылдарга, ошондой эле Кытайдын ички иштерине кийлигишүүгө катуу каршылык көрсөтөбүз. Эгер Пелоси Тайванга келе турган болсо, Кытай өз эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргош үчүн колунда турган бардык күчүн колдонот", — деди Цзюнь.
Ал эми Кытайдын Global Times мамлекеттик гезити өлкө согуштарга 40 жылдан бери катышпай келгенин, бирок армиясын бекемдеп алганын жазды. Андыктан Кытай эгемендүүлүгүн сактоо үчүн согушуудан коркпой турганы белгиленген.
Буга чейин Пелосинин Кытайдагы арал Тайванга божомолдонуп жаткан сапары Пекин менен Вашингтондун ортосуна жик салып, жалпы эле аймактагы абалды начарлатып коюшу мүмкүн экени айтылган. Кытай АКШдан ички саясатына кийлигишпөөнү талап кылууда.
Эске салсак, Пелосинин 2-августта Тайванга барышы мүмкүн экени айтылган. Адегенде Пелоси баштаган америкалык делегациянын Тайванга сапары апрель айына пландалган. Пекиндин нааразычылыгын жарата турган бул сапар АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикеринин 1997-жылдан бери аралга жасаган алгачкы сапары болот.