Коронавирус жуктурдуңузбу? Штаб үй шартында дарылануу жолдорун эскертти

Беш күнгө чейин өз алдынча дарыланса болот. Кокус дем кысылып баштаса, тезинен дарыгерге кайрылуу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Республикалык штаб өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны кайрадан өсө баштаганын айтып, үй шартында дарылануу жолдору менен бөлүштү.
"Эгерде дене табыңыз 38 градустан ашпаса, анда аны түшүрүү сунушталбайт. Эки литрге чейин суюктук (С витамини менен суу, чай) жана С витаминин ичип турса болот. Кокус дене табы көтөрүлсө, суткасына 1 граммдан кем эмес парацетамол ичиш керек. Бирок бул дары боору ооругандарга болбойт. Аллергиясы жоктор аспирин ичсе болот. Аны балдарга таптакыр бербеңиз", — деп айтылат билдирмеде.
Медиктер тамак ооруган учурда антисептикалык касиети бар чөптөрдү (мисалы, шалфей, эвкалипт жана башка), спрейлерди (аннотациясын окуңуздар) сунуштаган. Мурун бүткөндө аны тазалап, кылдаттык менен чайкап жууш керектиги айтылды.
"Кокус жөтөл башталса, адам чалкасынан жатпашы керек. Какырык чыгарган дарыларды ичкени оң. Аларды балдарга дарыгердин дайындоосу боюнча гана берүү керек. Ооруп жатканда газдалган суусундуктардан алыс болуңуз", — деп жазылат штабдын маалыматында.
Ошондой эле майлуу, күчтүү тамактарды жебей кое туруу, бөлмөнү бат-бат желдетүү жана эс алуу сунушталган.
"Беш күнгө чейин өз алдынча дарыланса болот. Кокус дем кысылып баштаса, тезинен медикке кайрылыңыз", — дешти штабдан.
Белгилей кетсек, бир жумада Кыргызстанда 1 091 адамдан коронавирус табылды.
Августта Кыргызстанга Pfizer вакцинасы алып келинет. Штаб элди эмделүүгө чакырды