Көлгө эки жума мурун чөккөн 4 жашар кыз табыла элек. 18 куткаруучу издеп жатат

Куткаруучулар эки топко бөлүнүп издей турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ысык-Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар кыз 15 күндөн бери табыла элек, учурда 18 куткаруучу издеп жатат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн кызды сегиз суучул, беш куткаруучу, бир кызматкер дрону менен Балыкчы шаарынан Тору-Айгыр айылына чейин издешет. Ал эми дагы төрт куткаруучу Ак-Дөбөдөн Боз-Бешик айылына чейин карамакчы.
"Жалпы 18 куткаруучу көл үстүнөн, суу түбүнөн, жээктерден издешет. Иштин жүрүшү тууралуу кошумча маалымат берилет", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда саат 15:00дөр чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда төрт жашар кыз көлгө чөгүп кеткен. Көл жээгинде бул учурда шамал жана толкун болуп жаткан.
Дрон, водолаздар тартылды. Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иштеринин видеосу