Радио

Исаков: жол эрежелерине "самокат", "электросамокат" терминдери кирет

Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматынын жетекчиси, подполковник Алмазбек Исаков түшүндүрүү иштери улантыларын айтты.
Sputnik
Бишкекте азыр велосипед жана электр самокаттарын ижарага берген 10-20дай пункт бар. Ошол эле учурда ижарачылар андай жайларды туура эмес жерлерге, тактап айтканда, тротуарларга ачып алышкан. Мэрияга бул процедураны мыйзамдаштыруу же атайын жер бөлүп берүү сунушталды. Бул тууралуу Алмазбек Исаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жол кыймылынын катышуучулары велосипед тебүүнүн эрежелерин так сактабайт.
"Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматы жол эрежесине "самокат" же "электросамокат" терминдерин киргизүүнү сунуштап жатат. Учурда велосипед, сырткы мотору бар велосипед же мотоциклдер, мопеддердин жолдо жүрүү эрежелери белгиленген. Өзгөртүү киргизилсе самокат айдап бара жаткан учурда жол эрежесин бузгандыгы үчүн мыйзам боюнча жооп беришет. Андан тышкары, жол кыймылынын катышуучулары велосипед тебүүнүн эрежелерин так сактабайт. Ошол жөө өтмөктөн велосипедди колу менен кармап сүйрөп өтпөй тээп өткөндөр унаага сүзүлүп калып жатышат. Андыктан бул жаатта түшүндүрүү иштери улантылат. Учурда жаңы окуу жылы жакындап калды. Андыктан ата-энелерди дагы балдарына жолдо жүрүү эрежелерин эскертип коюшун суранабыз", — деди Исаков.
Ал Бишкектин Абдырахманов, Ахунбаев көчөлөрүндө, Чүй, Манас проспектилеринде жана Түштүк магистралда веложолдор бар экенин, ал эми Дэн Сяопин көчөсүнө веложол куруу пландалып жатканын кошумчалады.