Интернет-дүкөндөн соода кыласызбы? ИИМ алдамчылар колдончу ыкмаларды атады

Товар сатып алууда сайттын аброюна жана рейтингине көңүл буруу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлиги элди интернет-дүкөндөрдүн сайттарындагы алдамчылыктан сак болууга чакырып, шылуундар колдончу ыкмаларды тизмектеп берди.
Милиция интернет-дүкөндөрдөн товар сатып алууда анын аброюна жана рейтингине көңүл буруу керектигин эскертет.
"Эгерде комментарийден сын пикирлерди таба албасаңыз жана ал дүкөн алдын ала төлөм жүргүзүүнү суранса, товар сатып алуудан баш тартып таразалап көрүңүз. Эң эле жаманы — сатуучу акчасын алдын ала алгандан кийин чалууларыңызга жана электрондук каттарыңызга жооп берүүнү токтотуп, жашынып калат. Дагы бир тобокелчилиги — жеткирилген буюм сиз күткөндөй болбой калышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Андыктан онлайн соода жүргүзүүдө алдамчылардан сактануу жолдору сунушталды:
досторуңуздун жана тааныштарыңыздын сунуштарын колдонуп, ишенимдүү сайттардан сатып алыңыз же белгилүү ири онлайн-дүкөндөргө кайрылыңыз;
интернет-дүкөндүн товарды кайтарып берүү же алмашуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруңуз;
чыныгы интернет-дүкөн экенине толук ишенгенде гана алдын ала сатып алууларды жүргүзүңүз.
Соцтармакта шылуундар кантип алдайт? Милиция коргонуу эрежелерин сунуштады