Боом капчыгайында жол толугу менен ачылды

Тазалоо иштерине бир жүктөгүч, бир автогрейдер жана төрт самосвал тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Боом капчыгайында жолдун эки тарабы тең ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жолдун экинчи тилкеси 2-августка караган түнү саат 01:00дөр чамасында калыбына келтирилген. Тазалоо иштерине бир жүктөгүч, бир автогрейдер жана төрт самосвал тартылган.
Эске салсак, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Боом капчыгайында кечээ, 2-августта, сел жүрүп, автоунаа тыгыны жаралган.
Чүйдө сел Toyota унаасын дарыяга агызып, ичиндегилер аман калууга үлгүргөн