Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Видео

Курулуш компаниясы окуя болгон жерде алардын өкүлдөрү жүргөнүн, жабыркагандар жок экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкектин Рыскулов көчөсү менен Манас проспектинин кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үй күйүп жатат.
Кадрлардан опалубка өрттөнүп жатканын көрүүгө болот.
Ал эми ӨКМден аталган даректеги турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн, саат 20:00дө жерине өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлгөнүн кабарлашты.
Курулуш компаниясы окуя болгон жерде алардын өкүлдөрү жүргөнүн, жабыркагандар жок экенин билдирди.
Сокулукта автоунаа оңдогон жайда эки спринтер өрттөнүп кетти. Сүрөт