БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкектин троллейбустары улуттук стилде кооздолгонун мэрия билдирди.
Транспорттун "бортуна" орнаменттер түшүрүлүп, улуттук макал-лакаптар жазылган. Учурда мындай троллейбустардын саны 20га жакын. Сентябрга чейин дагы 36сы жасалгаланат.
Мындай иштер мэр Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен аткарылып жатканы айтылды.