Бишкекте оңдолуп жаткан төрт көчө ачылды. Тизме

Жолдор Кытай бөлгөн гранттын эсебинен "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ордо калаада оңдолуп жаткан төрт көчө ачылганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Тимур Фрунзе, Ашар, Интергельпо жана Манас көчөлөрү Кытай бөлгөн гранттын эсебинен "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жасалган.
Реконструкцияланган көчөлөр:
Тимур Фрунзе көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгү жасалып, трасса оңдолуп, жолдун эки тарабына тротуарлар төшөлүп, ирригация курулду;
Ашар көчөсүнүн Өмүр көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейинки бөлүгү да жасалды. Жол кеңейтилип, ирригациясы иретке келтирилип, жол белгилери коюлду;
Интергельпо көчөсүнүн Кең-Суу көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектине чейинки бөлүгү да жасалып, ачылды. Жол эки тилкелүү болду. Ал жакка тротуар, ирригация салынган;
Манас көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейинки бөлүгү реконструкцияланып, тротуарлар салынды.
Бишкектеги Элебаев көчөсү ачылды