Бишкектин чок ортосундагы өрт. Адамдар айдоочунун машинасын куткарган видео

Өрт өчүрүүчү биринчи унаа жерине саат 20:00дө, дагы үчөө жарым сааттын аралыгында жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкектеги Рыскулов менен Манас проспектинин кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан жалынды төрт өрт өчүрүүчү машина өчүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, биринчи унаа жерине саат 20:00дө, дагы үчөө жарым сааттын аралыгында жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, бир суу ташуучу машина тартылган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жиберген видеодон ээси башка жакта жүргөн автоунаага күйүп жаткан курулуш материалдары түшүп кетпесин депжылдырып жатканын көрүүгө болот.
Бишкектин Садыгалиев көчөсүндөгү кампа күйүп кетти. Видео