Мамкурулуш Бишкекте мыйзамсыз курулган объектилерге 1,8 млн. сом айып салды

Мекеме тарабынан текшерүү иштери дагы да улантылары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкекте 10 күндүн аралыгында мыйзамсыз курулган объектилерге 1,8 миллион сом айып салынды. Бул туурасында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Мекеме Укук бузуулар кодексинин 144-беренесине ылайык, долбоорлоо жана курулуш эрежелерин бузгандарга 200 миң сом айып салынарын эскертти. Текшерүү учурунда мыйзам талаптарына каршы келген объектилер аныкталган.
Бишкек шаардык архитектура-курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы куруучулардан архитектуралык жана шаар куруу жаатындагы мыйзамдарды так сактоону өтүнөт. Текшерүү иштери дагы да улантылары белгиленди.
Бишкекте мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдү муктаждарга берүү каралууда. Видео