Бишкек мэри Абдыкадыров Россиянын элчиси Удовиченко менен жолукту

Борбор калаа менен Россиянын шаарларынын ортосундагы кызматташуу тууралуу кеп болгону айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

2 / 2

Тараптар Бишкек, Москва, Санкт-Петербург шаарларынын жана Россиянын башка аймактарынын ортосундагы кызматташуу программаларын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгын белгилешкен

Тараптар Бишкек, Москва, Санкт-Петербург шаарларынын жана Россиянын башка аймактарынын ортосундагы кызматташуу программаларын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгын белгилешкен.
Өз кезегинде элчи Бишкек мэрине кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, Россиянын шаарлары менен достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айткан.
Россиянын башкы прокурору Ысык-Көлгө келип, аны Жапаров менен Зулушев кабыл алды