БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкекте Патрулдук милиция өткөн түнү мас айдоочунун артынан түшүп кууду.
Патрулдук милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдиргендей, Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу качып кетүүгө аракет кылган. Бирок инспекторлор Элебесов көчөсү менен 3-4 чакырымга чейин кууп барып, жеткен.
Рулда 55 жаштагы киши болгон. Ага карата эки протокол түзүлүп, жол эрежесин бузганы үчүн — 1 000, мас абалда айдаганы үчүн 17 500 сом айып салынды.