Эски сүрөт алмашты. Бишкекте жаңы дубал сүрөтүнүн бет ачары болду

Буга чейин бул дубалда тартылган кыздын образына байланыштуу коомчулукта нааразычылыктар болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкекте Чүй проспекти менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан имаратка жаңы сүрөт тартылып, анын бет ачары болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Бишкекте Чүй проспекти менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан имаратка жаңы сүрөт тартылып, анын бет ачары болду

2 / 3

Сүрөт Кыргызстандын Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) кошулгандыгынын 30 жылдыгына карата борбор калаанын тургундары менен конокторуна белек катары тартууланды

3 / 3

Муралда бейпилдик менен ачык асман, Тянь-Шань тоолорунун бийиктиги, 21-кылымдын духундагы жаңы, жашыл өнүгүү жана манас айткан бала чагылдырылган.

Сүрөт Кыргызстандын Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) кошулгандыгынын 30 жылдыгына карата борбор калаанын тургундары менен конокторуна белек катары тартууланды.
"Муралда бейпилдик менен ачык асман, Тянь-Шань тоолорунун бийиктиги, 21-кылымдын духундагы жаңы, жашыл өнүгүү жана манас айткан бала чагылдырылган", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, алгач дубалда ырчы Жах Халибдин "Медина" клибиндеги казакстандык модель Ая Шалкарга окшош кыздын элеси бар болчу. Бул нерсе коомчулуктун нааразычылыгын жараткан соң ЕККУ сүрөттү өзгөрттү.
Саякбай манасчынын сүрөтү "Бишкек жылуулук" имаратынын дубалына тартылууда