Politico: АКШ Афганистанда "Аль-Каида" лидерин жок кылды

Антитеррордук операцияны Борбордук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ) жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары өткөн дем алыш күндөрү Афганистанда антитеррордук операция жүргүзүп, анын натыйжасында "Аль-Каида"* террордук тобунун лидери Айман аль-Завахирини жок кылды. Бул тууралуу Politico жеке булактарга таянуу менен жазды.
Операциянын чоо-жайы азырынча айтыла элек. Ошол эле маалда АКШ администрациясынын атын атагысы келбеген аткаминери журналисттерге операция болгонун, ал майда-чүйдөсүн ачыктабастан операция ийгиликтүү өткөнүн жана карапайым калк арасында жоготуу алып келбегенин белгиледи.
Басылма билдиргендей, антитеррордук операцияны Борбордук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ) жүргүзгөн. АКШнын президенти Жо Байден жакынкы сааттарда сөз сүйлөп, анын жыйынтыгы тууралуу коомчулукка маалымат берет деп күтүлүүдө.
* – Кыргызстан, Россия жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук топ.
Ташкентте Афганистан темасы талкууланды. Кыргызстан өкүлү көтөргөн маселе