БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. АКШ Россияга карата "жолун бууп коебуз же биротоло жок кылабыз" деген позицияны карманат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захаровага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Ага журналисттер "Америка Россияны террорчулукка демөөрчү мамлекеттер катары өз тизмесине киргизиши мүмкүнбү?" деген суроо беришти.
"АКШнын Россияга болгон концепциясы белгилүү. Өзгөрү ачык эле айтып жатпайбы. Алар бизди "токтотуп коебуз же биротоло жок кылабыз" деп ойлошот", — деди Захарова.
Буга чейин АКШнын сенаты Россияга карата мындай макам берүүгө чакырган резолюция кабыл алган. Бирок бул резолюция мыйзамдык күчкө ээ болбогондуктан символикалык документ гана болуп саналат.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен комментарий берип жатып, чечим кабыл алынган күндө дагы Россия үчүн эч нерсени өзгөртпөй турганын айткан.