Ысык-Көлгө кеткен жолдогу тыгын. Видео

Боомдун сел жүргөн жеринде машиналар бир тилке жол менен эки тарапка өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Селдин айынан Ысык-Көлгө кеткен жолдо узун тыгын жаралды. Автоунаалар Балыкчыда дагы токтоп турат.
Боомдо сел жүргөнү тууралуу маалымат саат 14:00дөр чамасында түшкөн. Ылай суу Көк-Мойнокту, Нарын облусуна кайрылган жерден анча алыс эмес аймакты каптаган.
ӨКМдин маалыматына караганда, сел Бишкек — Балыкчы — Каракол жолунун 144-145 жана 154-155-чакырымдарында жүргөн. Жолду тазалоо үчүн үч куткаруучу жана төрт атайын техника тартылды.
Бул убакыт аралыгында Бишкектен Ысык-Көлгө кеткен жолдо узун тыгын жаралганын Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди. Кыймыл өтө жай болууда.
Боомдун сел жүргөн жеринде машиналар бир тилке жол менен эки тарапка өтүп жатат. Жолдун экинчи тарабы жабылган. Анча чоң эмес жол кырсыгы да катталды.
Балыкчынын чыга беришинде дагы тыгын жаралган.
30-июль күнү да Боомдо катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Ылай суу Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун эки жерин каптап, машиналар менен поезддердин каттамы токтотулган. Кечке жуук жолдун бир тарабы, ал эми эртең менен толук ачылган. Сел минивэнди агызып кетип, дагы деле табылбай жатат.
Чүйдө сел Toyota унаасын дарыяга агызып, ичиндегилер аман калууга үлгүргөн