Радио

Атаналиев: өспүрүмдөрдү улуттук спортко үндөгөн этнолагерь уюштурулду

Jaaker этнолагеринин негиздөөчүсү Мухтар Атаналиев жаңы уюштурулган жай өспүрүмдөрдү спорттун улуттук түрүнө үндөй турганын айтты.
Sputnik
Азыркы жаш муунду жаа атуу, ордо ойноо, ат чабуу, эр эңиш, таяк тартыш сыяктуу улуттук оюндарга кызыктырып, көчмөн маданиятын таанытуу зарыл. Ал мекенди сүйүүгө, тарыхты билүүгө, улууну урматтоого тарбиялайт. Бул тууралуу Мухтар Атаналиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдар үчүн этнолагерь шаардан алыс жайлоолордо өтүп, табиятка жакын болууга, ден соолукту чыңдап, күчтүү болууга үндөйт.
"Азыркы жаш муунду жаа атуу, ордо ойноо, ат чабуу, эр эңиш, таяк тартыш сыяктуу улуттук оюндарга кызыктырып, көчмөн маданиятын таанытуу максатында Jaaker этнолагерин уюштурганбыз. Бүгүнкү күндө тарыхты билбеген, айыл турмушун көрбөгөн балдар көп. Аталар мурасын, каадабызды, салтыбызды заманбап ыкмалар менен жеткирүү зарылчылыгы турат. Буга байланыштуу бир күндүк, көп күндүк кылып балдарга улуттук оюндардын негизинде программа даярдадык. Мисалы, өспүрүмдөрдү тоого алып барып, жаратылыш койнунда манас айтып, атайын интерактивдерди уюштуруудабыз. Жаа атуунун ыкмаларын үйрөтөбүз. Ал балдар үчүн абдан пайдалуу болуп, чыдамкайлыкка, акыл-эсти калыптандырууга, чечкиндүүлүккө, ойду топтоого жардам берет", — деди Атаналиев.
Ошондой эле адис этнолагердин алкагында балдар арасында жаа атуу боюнча мелдеш уюштурулуп, жеңүүчү Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүүчү катары катышарын кошумчалады.