Путин: өзөктүк согушта жеңүүчү болушу мүмкүн эмес

Өлкө башчы Россия Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимди бузбай турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өзөктүк согушта жеңүүчү болушу мүмкүн эмес жана ал тутанбашы керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдирген.
Анын Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимди ишке ашырууну караган онунчу конференциянын катышуучуларына кайрылуу жолдогону айтылды.
Путин Россия келишимди бузбай турганын белгилеген. Ошондой эле тиешелүү куралдарды кыскартуу жана чектөө боюнча АКШ менен эки тараптуу келишимдердин алкагындагы милдеттенмелер да толугу менен аткарылганын кошумчалады.
"Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт, ал тутанбашы керек. Биз дүйнөлүк коомчулуктун бардык мүчөлөрү үчүн бирдей жана бөлүнгүс коопсуздукту жактайбыз", — деген президент.
Россия башчысы тынчтык атому Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимдин талаптарын аткарган бардык мамлекеттер үчүн кошумча шарты жок эле жеткиликтүү болоруна ишенимин билдирген. Москва өзөктүк энергетика жаатында өнөктөштөрү менен тажрыйба бөлүшүүгө даяр.
Путиндин гиперүндүү ракета боюнча сөзү Британияны дүрбөлөңгө салды