Путиндин гиперүндүү ракета боюнча сөзү Британияны дүрбөлөңгө салды

"Циркон" саатына 10 миң чакырым ылдамдык менен уча алат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин өлкө армиясына тез арада гиперүндүү "Циркон" ракета комплексин жеткирүү боюнча билдирүүсү бүтүндөй Улуу Британияны дүрбөлөңгө түшүрдү. Бул туурасында журналист Дуглас Пейшент Mirror гезитине жазган макаласында маалымдаган.
Анда гиперүндүү курал бутага добушунан дагы тогуз эсе тез жетип барары белгиленген.
Журналист Россия лидеринин сөзүн "жүрөк үшүн алды" деп сыпаттады. Макаланын комментарийинде салкын кандуу мекендештер журналистке "акыл калчагандар эч качан өзөктүк державанын аймагына ракета учурууга барбастыгын жана эч кандай коркунуч жаралбастыгын" эскертишкен.
Путин Санкт-Петербургда өткөн Аскер-деңиз флоту күнүндөгү парадда гиперүндүү "Циркон" ракета комплексин РФ Куралдуу күчтөрүнө жакынкы айларда жеткирилерин билдирген.
"Циркон" канаттуу ракета комплекси өз кыймылдаткычынын күчү менен атмосферанын тыгыз катмарында бурулуп, дүйнөдө биринчилерден болуп саатына 10 миң чакырымга чукул ылдамдыкта миңден ашуун чакырымга созулган гиперүндүү учууну "өздөштүргөн". Ал деңиздеги жана кургактагы буталарды кыйратууга ыңгайлашкан,
Июнь айынын башында Түндүк флотунун кол башчысы, адмирал Александр Моисеев "Адмирал Горшков" фрегаты "Циркон" ракетасы миң чакырым алыстыкта жайгашкан Ак деңиздеги бутага таамай тийип сыноодон ийгиликтүү өткөнүн кабарлаган.
Бутаны талкалады. "Циркон" ракетасынын коё берилген видеосу