БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бразилиялык Аманда Нуньес кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен үчүнчү ирет беттешке чыгууга кызыкдар. Бул туурасында ал Далластагы UFC 277 турниринен кийин маалымат жыйында айткан.
Шевченко Нуньес менен эки ирет октагонго чыгып, жеңилүү ызаасын тарткан. 2016-жылы өткөн биринчи беттеште бразилиялык мушкер калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен уткан, экинчиси 2017-жылы өтүп, өз-өзүнчө берилген добуш менен жеңген.
"Ооба, бул жакшы идея. Ал дагы чемпион эмеспи, андыктан жакшы болмок. Шевченко мен анын тик туруп мушташкан стилин уурдап алганымды айттыбы? Мунусу күлкүнү келтирет", — деди Нуньес журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.
Нуньес узаган жекшембиде UFC 277 турниринде жеңил салмак категориясы боюнча америкалык Жулианна Пеньяны калыстар бир добуштан чыгарган чечими менен чемпиондук курун кайтарып алды.
Буга чейин Шевченко дагы 2022-жылдын соңунда эң жеңил салмактан (57 кг) жеңилирээк (61 кг) салмакка өтүп, Нуньес менен беттешип, UFC уюмунун эки жолку чемпиону болууну көздөп жатканын билдирген.