БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. UFC президенти Дана Уайт жеңилирээк салмактагы чемпион Аманда Нуньес менен эң жеңил салмактагы чемпион Валентина Шевченконун үчүнчү беттешин уюштуруу боюнча пикирин билдирди.
Далласта өткөн UFC 277 турниринин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Уайт эки мушкердин үчүнчү кармашы үчүн каршы эместигин билдирди.
"Адатта мен койгулачы демекмин. Бирок бул учурда эгер жакшылап ойлоно турган болсок, идея жаман эмес деп айтар элем", - деди ал.
Нуньес узаган жекшембиде UFC 277 турниринде жеңил салмак категориясы боюнча америкалык Жулианна Пеньяны калыстар бир добуштан чыгарган чечими менен чемпиондук курун кайтарып алды.
Эске салсак, 2021-жылы декабрда Пенья Нуньести муунтуу ыкмасы менен жеңип, жеңил салмактагылар (61 кг) арасында чемпион болгон.
Буга чейин Шевченко дагы 2022-жылдын соңунда эң жеңил салмактан (57 кг) жеңилирээк (61 кг) салмакка өтүп Нуньес менен беттешип, UFC уюмунун эки жолку чемпиону болууну көздөп жатканын билдирген.