ЖМК: Нэнси Пелосинин Тайванга шейшемби күнү барышы күтүлүүдө

Шаршемби күнү эртең менен ал Тайвандын парламенти жана аралдын жетекчилиги менен жолугушууну пландап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга шейшемби күнү кечинде келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Тайвандын ETtoday маалымат порталы жазган.
Билдирмеге караганда, Пелоси түшкөн учак Тайванга Бишкек убактысы боюнча 20:30да конуп, саясатчы мейманканага түнөйт.
Шаршемби күнү эртең менен ал Тайвандын парламенти жана аралдын жетекчилиги менен жолугушууну пландап жатат. ЖМКлар саясатчынын ошол эле күнү кетерин жазышкан.
Буга чейин Пелосинин Тайванга божомолдонуп жаткан сапары Пекин менен Вашингтондун ортосуна жик салып, жалпы эле аймактагы абалды начарлатып коюшу мүмкүн экени айтылган.
Вашингтон менен Пекиндин мамилесинде Тайвань маселеси Украинадагы кырдаалдын фонунда өзгөчө мааниге ээ болду. Кытай АКШны ички саясатына кийлигишпөөнү талап кылууда.
Эске салсак, Пелосинин августта Тайванга барышы мүмкүн экени айтылган. Адегенде Пелоси баштаган америкалык делегациянын Тайванга сапары апрель айына пландалган. Пекиндин нааразычылыгын жарата турган бул сапар АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикеринин 1997-жылдан бери аралга жасаган алгачкы сапары болот.
Ал кырдаалды курчутат! Трамп Пелосинин Тайванга барышына каршы чыкты