Бир жылдык запас камдалат. Өлкөдө тартыш болуп жаткан инсулин алып келинди

Адам жашоосуна маанилүү делген препарат март айынан бери тартыш болуп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстанга көптөн бери тартыш болуп жаткан инсулин дарысы алып келинди. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Тагыраак айтканда, кыска мөөнөткө таасир эте турган жана аралашма микстард жана актрапид препараттарынын алгачкы партиясы өлкөгө 31-июль күнү алып келинген.
Ал эми 8-августта протафан инсулининин бир жылдык запасы алып келинип камдала турганы белгиленди.
Адам жашоосуна маанилүү делген инсулин препараттары март айынан бери тартыш болуп жаткан. Аны дарыканалардан таба албай даттангандар да болгон.
Пресс-борбор
Өлкөгө бир катар дарыларды мамкаттоосу жок ташып кирүүгө болот. Алар текшерилеби?