УКМК: Өзбекстанга 3,7 млн. сомдук мал айдап кетүүгө аракет кылгандар кармалды

Чек ара кызматы коңшу өлкөгө мал айдап өтүү боюнча эки фактыны аныктады.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандан Өзбекстанга 34 баш буканы мыйзамсыз алып кетүүнү көздөгөн топ кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
1 / 2

Кыргызстандан Өзбекстанга 34 баш буканы мыйзамсыз алып кетүүнү көздөгөн топ кармалды

2 / 2

30-июлда Аксы районунда чек арачылар 13 баш малды алып өтүүгө аракет кылган адамды колго түшүргөн

30-июлда Аксы районунда чек арачылар 13 баш малды алып өтүүгө аракет кылган адамды колго түшүргөн. Ал ошол эле райондун Сөгөт айылынын 30 жаштагы тургуну экени аныкталды.
Ал эми бүгүн Ала-Бука районунун Ак-Там участкасында 21 буканы алып бара жаткан 33 жаштагы жаран кармалды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган бодо малдын жалпы баасы 3 миллион 725 миң сомду түздү.
Даярдалган документтер милицияга өткөрүп берилди.
УКМК: Өзбекстанга малды мыйзамсыз айдап кетүүгө аракет кылган киши кармалды