Бир жумада Кыргызстанда 1 091 адамдан коронавирус табылды

Илдет илештиргендердин ичинен 180и ооруканага жаткырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. 25-июлдан 31-июлга чейин Кыргызстанда 1 091 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Илдет илештиргендердин арасынан 911и амбулатордук шартта дарыланып жатса, 180 бейтап ооруканага жаткырылган.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан коронавирустун 203 776 учуру катталган.
Республикалык штаб коронавирустан коргонуу үчүн элди эмделүүгө чакырууда.
Августта Кыргызстанга Pfizer вакцинасы алып келинет. Штаб элди эмделүүгө чакырды