Кыргызстанда чылым, электрондук тамеки кымбаттайт. Өкмөттүн долбоору

Мындай жол менен министрлер кабинети бюджетке түшкөн каражатты көбөйтүп, чылым чегүүнү азайтууну көздөөдө.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстанда чылым жана электрондук тамеки жыл сайын кымбаттайт.
Экономика жана коммерция министрлиги тамекиге жана курамында никотин бар заттарга минималдуу баа боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду.
Бийликтин планы боюнча, кийинки жылы чылымдын бир таңгагы (20 штук) жана электрондук тамеки (20 стик) 110 сомго сатылышы керек. 2022-жылдын 31-декабрына чейин минималдуу баасы 100 сом болот. Бул нарк жыл сайын көбөйүп, минималдуу баасы 10 сомго өсүп турушу ыктымал.
Ал эми POD-система деп аталган вейптер кийинки жылы 300 сомдон ылдый сатылбашы керек. Жыл сайын анын баасы 100 сомго кымбаттап турат.
Мындай жол менен министрлер кабинети бюджетке түшкөн каражатты көбөйтүп, чылым чегүүнү азайтууну көздөөдө.
Дарыгер электрондук тамекинин зыянын айтты