Казакстан көмүрдү тышка ташууга тыюу салды. Себеби

Буга чейин министрлик былтыр сентябрь айында суук эрте түшкөнүнө байланыштуу өлкөнүн түндүк аймактарында көмүргө болгон талап күчөгөнүн билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Казакстан бүгүн, 1-августтан тарта, көмүрдү автотранспорт менен тышка ташууга тыюу салды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка караганда, мындай чектөө алты айга киргизилди.
"Индустрия министрлиги калкты көмүр менен камсыздоодо ажиотаж жаралбашы үчүн жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында тыюу салынганын билдирди", - деп жазды агенттик.
Буга чейин министрлик былтыр сентябрь айында суук эрте түшкөнүнө байланыштуу өлкөнүн түндүк аймактарында көмүргө болгон талап күчөгөнүн билдирген. Абалдан колдонгусу келген абийирсиз алып сатарлар бааны эки эсе көтөрүп жибергени белгиленди. 2021-жылы Кыргызстанга автотранспорт менен 123 миң тонна казак көмүрү чыгарылган.
Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өткөн жылдын январынан сентябрга чейин өлкөгө 351,6 миң тонна көмүр кирген. Анын дээрлик бардыгы Казакстандан алып келинген. Болгону 27,8 миң тоннасы Россия менен Казакстанга туура келет.
Эртерээк камдап алгыла. Августта Кара-Кечеден көмүр ташылып баштайт