Грозный шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат

Учак жумасына бир жолу, бейшемби күндөрү каттайт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Чеченстандын Грозный шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачыларын "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, учак 11-августтан тарта каттай баштайт. Аны Россиянын "Уральские авиалинии" авиакомпаниясы жумасына бир жолу, бейшемби күндөрү аткарып турмакчы.
Москвадан Ошко жаңы авиакаттам ачылды