Айгүл Кыдыралиева алгач визажист болсо, кийин киного аралаша баштап Москвадагы "Мосфильмдин" алдындагы визаж жана грим мектебине барып окуп келгенин Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып баяндап берди. Анын айтымында, Кыргызстанда мындай окуу жайлар жок.
Кыдыралиева кыска жана толук метраждуу жергиликтүү жана эл аралык 86 тасмада гример катары иштеген.
"Гример тасманын сценарийи даяр болгондон баштап эле кино жаратуу процессине кошулат. Режиссердун тапшырмасын, анын элестетүүсүн реалдуулукка айлантуу үчүн тартуучу топтун бардык мүчөлөрү менен иштешет. Мында гример, костюмер жана постижер (парик, мурут, сакал жасоочу адис) абдан тыгыз иш алып барышат. Кино дүйнөсүндө тасманын грим сүрөтчүсү жалпы образдардын үстүнөн иштеп чыгат. Анын алдындагы грим адистери бири көзүн, экинчиси тырыктарын, башкасы колун, чачын жасайт. Ал эми бизде финансылык чектөөдөн улам бардык жумушту бир эле гример жасап калат. Ошондой эле кыргыз киносунда оор пластикалык гримдер аз жасалат. Анткени баасы кымбат. Бирок кийинки учурда гримге көбүрөөк маани берилип, жакшы каражат бөлүнө баштады. Мага кинодогу тарыхый образдардын гримин жасаган жагат. Азыркы 86ынчы долбоорумдун алкагында тарыхый тасманын образдарын жаратуудамын. Голливудда көбүрөөк материалдар жана мүмкүнчүлүктөр бар экенине карабастан, көбүнчө гримердун ишиндеги кемчиликтер постпродакшндагы компьютердик эффектилердин жардамы менен жашырылат. Биз аны кымбаттыгынан улам сейрек колдонобуз. Андыктан бардык жоопкерчилик гримерго жүктөлөт, иши кынтыксыз болушу керек. Мен белгилүү режиссерлордон Бакыт Осмонкановдун 7-8 тасмасында иштедим", — деди Кыдыралиева.
Ал Кыргызстанда баш-аягы кесипкөй 10 чакты гример бар экенин кошумчалады.