Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эгин жүктөгөн алгачкы кеме Одесса портунан Африкага жөнөдү. Видео

БУУ дандын жетишсиздигинен улам азык-түлүк кризиси келе жатканын бир нече ирет айткан.
Sputnik
Россиянын Коргоо министрлигинен билдиришкендей, жүгөрү жүктөгөн кеме Одесса портунан Москва убактысы боюнча саат 9:20да жөнөп кетти. Шейшемби күнү ал Стамбулга токтоп текшерүүдөн өтөт дагы, андан ары сапар алат.
"Разони" бара турган деңиз коридору Кара деңиздин түндүк-батыш бөлүгүнөн өтөт. Гуманитардык операция Стамбулдагы биргелешкен координациялык борбордун алкагында россиялык аскер кызматкерлеринин активдүү катышуусу менен пландалган.
Ведомство эскерткендей, 22-июлда Стамбулда Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу дүйнөлүк рынокко азык-түлүк жана жер семирткичтерди жеткирүү көйгөйлөрүн чечүү үчүн өз ара байланышкан эки документке кол койгон. Биринчи меморандум БУУнун россиялык айыл чарба продукциясын жана жер семирткичтерин дүйнөлүк рынокко экспорттоодогу ар кандай чектөөлөрдү алып салуу милдетин өзүнө алат. Экинчиси Украина көзөмөлдөгөн Кара деңиз портторунан Украинанын айыл чарба продукциясын экспорттоо алгоритмин аныктайт.
Экинчи документ Россия тарабынан сунушталган алгоритмге негизделген. Ага ылайык, Украина көзөмөлдөгөн Кара деңиз портторунан коммерциялык кемелердин коопсуз чыгышы үчүн деңиздеги гуманитардык коридор түзүлмөкчү.
Эске салсак, БУУ дандын жетишсиздигинен улам азык-түлүк кризиси келе жатканын бир нече ирет айткан. Батыш Россияны дүйнөлүк рынокко украин данын чыгарууда тоскоолдук кылып жатат деп айыптап келет. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин Украинадан эгин экспорттоодо эч кандай маселе жок экенин жана Москва буга кийлигишпей турганын билдирген.