БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Сууга башы менен секирип омурткасы сынып, жүлүнүнө доо кеткен балдардын 95 пайызы каза болот. Бул туурасында Улуттук госпиталдын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Жүзүмалиева билдирди.
Анын элге кайрылган эскертүүсүн Саламаттык сактоо министрлиги социалдык баракчасына жарыялаган.
"Сууга түшүү сезону башталганда бизге балдар көп түшө баштайт. Сууга секиргенде моюн омурткасы сынып, анын ичиндеги жүлүнгө доо кетип жатат. Эч бир мамлекетте муну айыктыруу мүмкүн эмес. Азыр 17-18, 23 жана 42 жаштагы бейтаптар түштү, баары пирстен секирген. Чолпон-Атага алып келишти. Биз операция жасап сынган омуртканы тазалайбыз, бирок жүлүндү эч нерсе кыла албайбыз. Көпчүлүгү ушул жерде каза болот. Үйүнө чыгарылгандардын дагы абалы кооптуу, белгилүү бир убакыттан кийин көз жумат. Өкүнүчтүүсү, биз канча күн карасак да натыйжа болбойт, 95 пайызы көз жумат. Биздин ооруканада эле ар бир жайда 10го жакын бала каза болот", — деди Жүзүмалиева.
Дарыгердин айтымында, жүлүнгө доо кеткенден кийин адамдын колу-буту, өпкө, жүрөгү, ичеги-карыны иштебей, шал болуп калат. Дем ала албай кыйналат.
Адис сууга секирүүнүн кооптуулугун эскертип, маалыматты таратууга өтүндү. Ата-энелер балдарына айтып-деп түшүндүрүп, ошондой эле пансионаттын жетекчилиги пирсти нормага ылайыктап, эс алуучулар сууга түшүп жатканда көз салып турушу керектигин белгиледи.