Боомдо бүгүн дагы сел жүрүп унаа тыгыны жаралды. Видео

Жаратылыш кырсыгы катталган жайга ӨКМдин кызматкерлери жөнөп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Боом капчыгайында бүгүн да сел жүрүп, унаа тыгыны жаралды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине күбөлөр билдирип, видеосун жөнөттү.
Аталган аймакта саат 14:00дөр чамасында сел жүрүп, унаа жолду шагыл аралаш кум каптаган. Кадрдан автоунаалардын жолдо катар тизилип токтоп турганын көрүүгө болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган жайга тиешелүү кызматтар жөнөп кеткенин билдирип, кийинчерээк кошумча маалымат берүүнү убадалады.
Белгилей кетсек, 30-июлда дагы Боомдо сел жүрүп, унаа жана темир жолду бөгөп калган болчу.
Чүйдө сел Toyota унаасын дарыяга агызып, ичиндегилер аман калууга үлгүргөн