Акылбек Жапаров менен Султан Раев Көчмөндөр оюндарына даярдыкты талкуулашты

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары күзүндө Түркияда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раевди кабыл алып, күзүндө Түркияда өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана аны өткөрүүгө байланыштуу уюштуруу иштерин талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жолугушууда Жапаров Раевди жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктаган.
Билдирмеге караганда, жолугушууда Жапаров Раевди жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктаган.
"Иш тажрыйбаңыз ТҮРКСОЙго мүчө-мамлекеттердин ортосундагы маданий байланыштарды жана достук мамилени өнүктүрүүгө жана чыңдоого, чоң салым кошууга өбөлгө түзөт деп ишенем", — деди ал.
Тараптар ТҮРКСОЙдун ишмердүүлүгү жана келечектеги пландары боюнча пикир алмашкан. Ошондой эле уюмдун негизделишинин 30 жылдыгына карата 2023-жылы пландаштырылган иш-чаралар боюнча сүйлөшкөнү белгиленди.
Садыр Жапаров: Кыргызстан Түркияга Көчмөндөр оюнун уюштурууга жардам берет