АКШда электр энергиясы кымбаттап жашоочуларды таң калтырууда

Адистер электр энергиясына болгон нарктын жогорулашын газдын кымбатташы менен байланыштырган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. АКШда электр энергиясы кымбаттап, жарыкка эсептелип келген баа жашоочуларды таң калтырууда. Бул тууралуу NBC телеканалына таянып РИА Новости кабарлады.
Билдирмеге караганда, телеканал атайын репортаж даярдап, тургундардан сурамжылоо жүргүзгөн. Анда көпчүлүгү жарыкка чыгып келген акчаны төлөй албай турганын айтышкан.
"Жайдын акыркы үч айында өлкөдө электр энергиясынын орточо баасы 20 пайызга жогорулайт. Ошол эле учурда айрым штаттарда жарыктын наркы дагы бир топко, тагыраагы, 45-50 пайызга көбөйүшү ыктымал", — деп айтылат маалыматта.
Адистер электр энергияга болгон нарктын жогорулашын газдын кымбатташы менен байланыштырууда.
Хьюстон штатынын тургуну Жиджи Перес июль айында жарыкка 174 доллар чыкканын айтып, мындай сумманы төлөш үчүн бир нерседен баш тартууга туура келерин белгилеген.
"Эгер жарыктын акчасын төлөсөм суу, эт же башка нерсе ала албай калам деп ойлодум. Баа өсүүдө. Булардын бирөөсүнөн эми баш тартууга туура келет", — деген ал.
Нью-Гэмпшир штатынын тургуну Мишель өткөн айга салыштырмалуу июлда жарыкка 100 долларга кымбат чыкканын айтып нааразы болгон.
Экөө тең чыгымдарды азайтуу үчүн жашаган жерин алмаштырууга туура келерин айтышкан.
АКШ Европадагы энергетикалык кризистен улам өлкөдө газ кымбаттайт деп чочулоодо