Радио

Алымбаев: алты айда адам сатуу боюнча үч кылмыш катталды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ага ыкчам кызматкери Бактыбек Алымбаев адам сатуу рыногунун кеңейиши бир катар өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык көйгөйүнө байланыштуу экенин белгиледи.
Sputnik
Алты айда адам сатуу боюнча үч кылмыш катталып, экөө тергөө өндүрүшүндө. Ал эми бир кылмыш өндүрүштөн кыскартылган. Бул тууралуу Бактыбек Алымбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адам сатуу жашыруун болгондуктан бул кылмыштын масштабын аныктоо татаал.
"Адам сатуу — кылмыштуу бизнестин бир түрү катары өтө татаал көйгөйлөрдүн бири. Ал эбак эле айрым мамлекеттердин чегинен чыгып кетен. Дүйнө боюнча көптөгөн адамдар сатылып, кулчулукта иштешет. Адам сатуу баңгизат жана курал сатуу менен катар уюшкан кылмыштуулуктун трансулуттук кирешелүүлүгү боюнча үчүнчү орунда деп эсептелет. Иштин мындай түрү адамдарды эмгектик жана сексуалдык эксплуатациялоодон, органдарын алуудан жана башкадан турат. Бул кылымыштын масштабын аныктоо өтө татаал. Себеби ал латенттик, жашыруун мүнөздө. Адам сатуу өтө оор кылмыш, ал уюшкан кылмыштуулук тарабынан адамдардын коопсуздугуна, экономиканын туруктуулугуна жана улуттук коопсуздукка олуттуу коркунуч келтирет. ИИМдин тергөө кызматынын статистикалык маалыматынын негизинде түзүлгөн талдоо боюнча, 2022-жылдын июнь айынын жыйынтыгында адамдарды соодалоо фактысы менен үч учур катталып, анын ичинен сотко эки иш өтүп, бирөө өндүрүштөн кыскартылды. Региондор боюнча карасак, Бишкек жана Ош шаары боюнча бирден факт катталып, тергөө өндүрүшүндө. Ал эми Токмокто катталган кылмыш кыскартылган", — деди Алымбаев.
Ошондой эле ал адам сатууну шарттаган киберкылмыштуулуктун алдын алуу үчүн атайын бөлүм ачылганын кошумчалады.