БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Япониянын Фукуи шаарындагы пляжда дельфиндер адамдарга кол салган учурлар көбөйүүдө. Бул тууралуу NHK телеканалына таянып РИА Новости жазды.
Жума күнү эки кишини дельфин тиштеп алганы белгилүү болгон. Шаар бийлиги дельфиндерди үркүтүп кетирүү үчүн атайын үндөрдү колдонууну күчөткөн, ошондой эле сууга түшкөндөрдү сак болууга чакырышкан. Жума күнкү окуядан кийин пляж убактылуу жабылган. Калаанын администрациясы кишилер өздөрү дельфиндерди кармап же үстүнө чыгып мингиси келип, жанына чейин барып жатканын белгилеп, эс алууга келгендерден суу жаныбарына жээктен эле көз салууну өтүнгөн.
Ага чейин дельфин дайвердин артынан тереңдикке түшүп, анын жабдыктарын тиштегилеген. Жаныбар дем алуу үчүн суунун үстүнө чыкканда дайвер аман калууга үлгүргөн.
Дельфиндер пляжда ушул жылдын май айынан тарта пайда болуп, июлда адамдарга кол салган учурлар каттала баштаган.