Ошто жаан жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы 36 градуска чейин жогорулайт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Ош облусунда күн бир аз салкындап, айрым жерлерге жаан жаашы ыктымал. Бул туурасында Кыргызигдромет агенттиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2-3-6-август күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. 1-4-5-августта күндүз тоолуу аймактарга жамгыр жаашы ыктымал. Бирок күн ысык болору айтылды.
Абанын температурасы 36 градуска чейин жогорулайт. Ал эми Ош шаарында апта ичи жаан жаабайт.
Жаанчыл болобу? Алдыдагы аптага карата аба ырайы