Келерки жумада Нарында аба ырайы кандай болору айтылды

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Келе жаткан аптада Нарында өткүн өтүп, жаан жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
1-августтан 6-августка чейин Теңир-Тоо жеринде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок бир жума бою күндүз өткүн өтүшү ыктымал. Абанын температурасы 26...28 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Жалал-Абадда күн кайрадан катуу ысый баштайт. Келерки жуманын аба ырайы