БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Москва БУУнун башкы катчысы Антониу Гутеррешке Еленовкадагы абакты аткылаган Киевдин жоопкерчилиги тууралуу кабарлап, аталган окуяга баа берүүнү күтүп жатат. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский Telegram каналы аркылуу билдиргенин РИА Новости жазды.
"БУУнун башкы катчысы Антониу Гутеррешке Еленовкадагы тергөө абагына кол салуу боюнча Украинанын жоопкерчилиги тууралуу бизде болгон маалыматты бердик", — деген Полянский.
Ал Twitter баракчасына да өзүнчө билдирүү жазып, БУУ Киев режиминин бул кылмышын жашырып койбой, объективдүү баа бериши керектигин белгилеген.
"Эми БУУнун башкы катчысынын жообун күтөбүз", — деген Полянский.
29-июлга караган түнү Украинанын куралдуу күчтөрү аскер туткундары, "Азов" согушкерлери отурган тергөө абагына сокку урган. Имарат толугу менен күйүп кеткен. Ал жерден америкалык РСЗО HIMARS снарядынын калдыктары табылган. Мындан улам Россиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгогон.
Коргоо министрлиги аткылоону украиналык аскер кызматкерлерин коркутуу максатында жасалган провокация деп атаган. ДЭР башчысы Денис Пушилин болсо муну туткундагылардын көрсөтмө бере баштаганы менен байланыштырган.