Чүйдө сел Toyota унаасын дарыяга агызып, ичиндегилер аман калууга үлгүргөн

ӨКМ унаанын ичиндеги беш киши сыртка чыгууга үлгүргөнүн, бирок жеңил жаракаттарды алганын белгиледи. Учурда унааны куткаруучулар издеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Куткаруучулар Чу дарыясына сел суулары агызып кеткен Toyota Sienna үлгүсүндөгү унааны издеп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Куткаруучулар Чу дарыясына сел суулары агызып кеткен Toyota Sienna үлгүсүндөгү унааны издеп жатат

2 / 3

Куткаруучуларга маалымат кечээ, 30-июлда, түшкөн

3 / 3

Анда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун болжол менен 135-чакырымында автоунааны сел суулары дарыяга агызып кеткени кабарланган

Куткаруучуларга маалымат кечээ, 30-июлда, түшкөн. Анда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун болжол менен 135-чакырымында автоунааны сел суулары дарыяга агызып кеткени кабарланган.
ӨКМ унаанын ичиндеги беш киши сыртка чыгууга үлгүргөнүн, бирок жеңил жаракаттарды алганын белгиледи. Учурда унааны куткаруучулар издеп жатат.
Эске салсак, кечээ, 30-июлда, Боом капчыгайында жамгырдан улам сел жүрүп, кум, шагыл автоунаа жана темир жолду жаап калган. Бүгүн жол ачылган.
Баткенде дарыяга агып кеткен 10 жаштагы баланын сөөгү табылды