6-августка чейин Чүйдөгү аба ырайына божомол

Чүйдүн тоолуу аймактарында гана жамгыр жаашы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. 1-августтан 6-августка чейин Чүйдө аба ырайы ачык, күн жылуу болорун Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Ага ылайык, келерки аптада Чүйдүн тоолуу аймактарында гана жамгыр жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы 31...36 градуска чейин ысык болушу ыктымал.
Жаанчыл болобу? Алдыдагы аптага карата аба ырайы