Боом капчыгайындагы жолдун экинчи тарабы да ачылды

Жолдун бир тарабы кечээ ачылган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Боом капчыгайындагы жолдун 131-чакырымы, Кыз-Күйөө айылындагы жолдун экинчи тарабы да ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган аймакта жолчулар менен темир жол кызматкерлери атайын техниканын жардамы менен жолду түнү бою тазалап чыгышкан.
Эске салсак, кечээ, 30-июлда, Боом капчыгайында жамгырдан улам сел жүрүп, кум, шагыл автоунаа жана темир жолду жаап калган.
Транспорт министрлиги, "Лонг Хай" компаниясы, "Кыргыз темир жолу" ишканасы жана айыл өкмөтүнүн аракети менен 30-июлда жол бир тараптуу ачылган. Бүгүн саат 5:00дө экинчи тарабы да ачылганы айтылды.
Жумурткадай мөндүр жаап. Ысык-Көлдөн тартылган видео, сүрөт