Бишкекте казак киносунун күндөрү өтөт

Казакстандык режиссёрлордун кинокартиналары 5-6-август күндөрү "Ала-Тоо" кинотеатрында коюлат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Келерки аптада Бишкекте казак киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлады.
Иш-чара Казакстан менен Кыргызстандын маданият министрликтери, Төлөмүш Океев атындагы "Кыргыз фильм" киностудиясы жана Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүнүн колдоосу менен ишке ашканы жатат.
"Негизги максат — казак киносун дүйнөгө таанытып, кызматташуу үчүн өнөктөштөрдү табуу. Быйыл казак киносунун күндөрү 15 мамлекетте өткөрүлөт. Бул нерсени биз дал ушул Бишкек шаарынан баштайлы деп турабыз", — деди Казакстандын улуттук тасмаларын колдоо борборунун бөлүм башчысы Асел Ырыс.
Казакстандык режиссёрлордун тасмалары 5-6-август күндөрү "Ала-Тоо" кинотеатрында көрсөтүлөт.
Алар:
5-август саат 18.00дө — Болат Калымбетовдун "Мукагали" тасмасы;
6-август саат 17.00дө — Айжан Касымбектин "От" тасмасы.
Эки фильмди тең режиссёрлор өздөрү алып чыгып, соңунда чыгармачыл топ менен жолугушуу болот.
Бишкекте эл аралык "Оймо" этнофестивалы башталды. Видео