Мэрия 31-августка карата эки парк ачууну пландоодо

Эки парк тең Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте эки парктын курулушу бүтөт. Бул тууралуу түз эфир учурунда Октябрь районунун акими Азамат Дороев билдирди.
Анын айтымында, майрам күнү "Балалык" жана Кыргызстан менен Азербайжандын достук парктарынын ачылыш аземи болот. Экөө тең Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Эки жыл мурда мэриянын маалымат кызматы шаар бийлиги салынып жаткан "Балалык" паркын АКШнын Диснейлендин элестеткен аймакка айлантууну көздөп жатканын маалымдаган.
"Паркка фонтан, отургучтарды орнотуп, веложол салуу пландалууда. Ошондой эле ажаткана, автоунаа токтотуучу жайлар да салынып, бактын түрү отургузулат. Экинчи этапта Диснейленддин элементтери менен балдар үчүн аттракциондор орнотулат", — деп убадалаган мэрия.
Ал эми Кыргызстан менен Азербайжандын достук паркы 5,5 гектар жерге жайгашкан. Ал жакта фонтан, декоративдүү бассейн, ачык амфитеатр, балдар үчүн аянтчалар болору айтылды.
Бишкектеги "Ынтымак-2" паркында скейтпарк ачылды