Жаанчыл болобу? Алдыдагы аптага карата аба ырайы

Бул жумада жамгыр катуу жаабайт деп айтылууда, кээ бир аймактарда өткүн өтүп басылат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, борбор калаада ишембиге чейин жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-июлда күндүз 14 метрге жетиши ыктымал.
Чүй облусунда апта аягына чейин дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
Талас облусунда 1-августта кээ бир райондордо, 2-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп басылат, ал эми дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. 3-4-августта кээ бир райондордо өткүн өтөт. 5-августта тоолуу райондордо жаан жаап, бирок дыйканчылык аймактарда күн ачык турат. 6-августта эч бир жерде күндүн көзү бузулбайт.
Ош облусунда 1-2-августта кээ бир райондордо, 3-5-августта тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда өткүн өтөт. Өрөөндөрдө, дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. 6-августта асман ачык турат.
Жалал-Абад облусунда дүйшөмбүдөн жумага чейин тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтөт, ошол эле учурда өрөөндөрдө күн ачык болот. 6-августта жаан-чачын күтүлбөйт.
Баткен облусунда 1-5-август күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. Ал эми 6-августта күн толук ачылат.
Ысык-Көл облусунда 1-августта көпчүлүк аймактарда, ал эми 2-августтан алтысына чейин кээ бир райондордо өткүн өтөт.
Бул аптада Нарын облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп басылат.
Жумурткадай мөндүр жаап. Ысык-Көлдөн тартылган видео, сүрөт