БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдирди.
Президент Кытайдын ТИМ жетекчисинин эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлорду ишке ашырууга колдоосун жогору баалай турганын белгиледи.
"Биз өз ара сооданы өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдарбыз. Кытай тарап менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн чоң социалдык мааниге ээ. Кыргызстандын кең аймагын сугат суу менен камсыз кылууда чоң роль ойногон Чүй каналы-2 долбоорунун башталышы кубандырат. Бул долбоор азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда чоң мааниге ээ",— деди Жапаров.
Ошондой эле Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна көңүл буруп, тиешелүү документке сентябрда Самаркандда өтүүчү ШКУ саммитинде кол коюуну сунуштады.
Мындан тышкары, Жапаров министр аркылуу КЭР төрагасы Си Цзиньпинди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Өз кезегинде Ван И жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Си Цзиньпиндин салам жолдогонун айтты.
"Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелери түзүлгөн 30 жыл ичинде биз чыныгы дос, жакшы коңшу, бир тууган жана ак ниет өнөктөш болуп калдык. Өз ара мамилени мындан ары өнүктүрүү боюнча жаңы, ачык-айкын максаттарды коюшубуз керек. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча үч тараптын катышуусунда техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүүгө макулбуз. Ошентип, бул долбоорду ишке ашыруу процесси башталып жатат. Кыргыз жана өзбек тараптын каалоосун эске алуу менен биз сентябрда Самаркандда өтө турган саммитте бул долбоор боюнча үч тараптуу документти түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө даярбыз", — деди ал.
Ошондой эле ал сөз болуп жаткан Чүй каналы-2нин курулушу тез арада бүтөрүнө ишеним билдирди.