Жалал-Абадда күн кайрадан катуу ысый баштайт. Келерки жуманын аба ырайы

Бейшембиде күндүн табы 38 градуска чейин көтөрүлүп, бул апта аягына чейин турат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда аптанын башында күн салкындап, бирок орто ченинен тарта кайра ысый баштайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Дүйшөмбүдө күндүн табы өрөөндөрдө 35 градустун тегерегинде турса, бейшембиде 38 градуска чейин көтөрүлөт.
31-июлда кээ бир райондордо, 1-августта тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда өткүн өтөт. Бирок өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
2-5-август күндөрү тоолуу жерлерде өткүн өтүп басылат. Ал эми 6-августта күн толук ачылат.
Нөшөрлүү жаандан сел жүрүшү мүмкүн. Кыргызгидрометтин шашылыш билдирүүсү