БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Алдыдагы жумада Ысык-Көлдө абанын температурасы 28 градустун тегерегинде сакталат. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
31-июлда жана 1-августта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт.
2-августта түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн болот. 3-6-августта күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп басылат.
Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында 31-июлда өткүн өтөт, 1-2-августта күн ачык болот. 3-5-августта түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп күн күркүрөйт. 6-августта күндүн көзү бузулбайт.