БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Мааракелик жылын белгилеп жаткан сүрөтчүлөрдүн Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин фондундагы эмгектеринин көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Көргөзмө Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулуп, 1-сентябрга чейин уланат.
"А.Садыкова, С. Төрөбеков, З. Шаршеева, Ж. Артыкбаев, К. Асанакунова, А. Бөлөкова, Э. Кылычбеков, Ж. Маленкулов, Э. Токтогонов жана Г. Турдиева сындуу сүрөтчүлөрдүн эмгектери элге көрсөтүлөт. Кыл калем чеберлери картиналарын Кыргызстанга, анын берекелүү жерине, кайталангыс жаратылышына, маданиятына арнашкан. Бул сүрөтчүлөрдүн эмгектери мамлекеттин көркөм маданиятынын бир бөлүгү болуп калгандыгы талашсыз", — деп айтылат маалыматта.